Диктатор

Википедия дан

Аткаруу бийлиги

Мамлекет башчы

ДиктаторМонархПрезидент

Өкмөт

Өкмөт башчысыКанцлерАткаруу бийлигинин башчысыПремьер-министрМинистрлер кабинетиМинистрликМинистр

Башкаруу формасы

Президенттик башкаруу системасыАралаш башкаруу системасыПарламенттик башкаруу системасыПарламенттик демократия (Вестминстер системасы) • Парламенттик монархияПарламенттик республика

Тизмелер

Президенттердин тизмесиМамлекет башчыларынын тизмесиӨкмөттөрдүн тизмеси

Жергиликтүү бийлик

ГубернаторМэрАкимАйыл башчы

Диктатор (лат. dictator, dicto – бийлеймин, буйрамын) – 1) байыркы Италиянын , бир катар латын шаарларынын жыл сайын шайлануучу чексиз укуктуу башкаруучусу, ошондой эле Латын союзунун башчысы; 2) Байыркы Римде республикалык мезгилинде (биздин заманга чейин. 5-кылым–1-кылымдын 2-жарымы) коркунуч туулуп (согуш, ички башаламандык), бийликти бир адамга берүү зарылдыгы пайда болгондо, сенаттын чечими боюнча консулдар 6 айлык мөөнөткө дайындаган адам (магистрат). Мамлекеттеги бардык бийлик диктатордун колунда болгон. Диктаторду дайындаганда, титулуна анын шайланышынын себеби көрсөтүлгөн (Мисалы, согуш коркунучу туулганда дайындалган диктатор – согуш жүргүзүүчү диктатор). Биздин заманга чейин. 4-кылымга чейин элдик чогулушка диктатордун өкүмүнө каршы даттанууга тыюу салынган. Диктатор бардык кызмат адамын, ошондой эле консулду да башкарган. Адегенде диктаторлукка патрицийлер гана, биздин заманга чейин. 356-жылдан плебейлер да дайындалган. Сулла жана Цезардын тушунда чексиз мөөнөткө дайындалып, диктаторлук кызмат монархиялык мүнөз алган. Аны биздин заманга чейин. 44-ж. Антоний Марк жойгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1