Дирхем

Википедия дан

Дирхем,дирхам – 1) арабдардын байыркы күмүш тыйыны, 2,97 г таза күмүшкө барабар. 695-ж. Араб халифатында чегилген. Алгач тыйын бетине сүрөт түшүрүлбөстөн, жазуулар гана болгон. Соода-сатыкта колдонулган. 697-ж. Абдал-Маликтин Араб халифатында жүргүзүлгөн реформасынын натыйжасында Орто Азияга тараган. Орто кылымда чебер кол өнөрчү айына 30, жардамчысы 15 дирхем алган. Кебез кездемеден тигилген көйнөк 10 дирхем турган. Бир тоок бир дирхемге сатылган. 9–12-кылымда дирхем Байыркы Руска да жеткен. 2) Ирак, Иордания, Кувейт, Ливия, Марокко, Бириккен Араб Эмираттарынын акча бирдиги; 3) Египет менен Суданда асыл металлдардын салмак өлчөмү (3,12 г).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1