Дмитрий Медведев

Википедия дан
Дмитрий Анатольевич Медведев
Дмитрий Анатольевич Медведев
 
Туулган жылы: 14-сентябрь 1965-жыл
Туулган жери: Ленинград, ОССФР, ССРС
 
Сайты: http://da-medvedev.ru/
Barack Obama

Дмитрий Анатольевич Медведев (14. 9. 1965-жылы туулган, Ленинград) – Россиянын мамлекеттик жана саясий ишмери, Орусия Федерациясынын президенти (2008–12). Юридика илимдеринин кандидаты (1990). РФтин 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2000). 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1988–99-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинде окутуучу, 1999–2000-жылдары РФ Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары, РФ президентинин администрация башчысынын орун басары, 2000-жылдан 1-орун басары, ошол эле мезгилде «Газпром» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы (2000–01, 2002–08; 2001–02-жылдары директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары), 2003–05-жылдары РФ президентинин администрация башчысы, 2005–08-жылдары РФ Өкмөтүнүн төрагасынын 1-орун басары, 2012-жылдан РФ Өкмөтүнүн төрагасы (премьер-министри). Ленинград шаардык советинин төрагасынын (А. Собчактын) кеңешчиси (1990–95). РФтин Коопсуздук кеңешинин мүчөсү (2003). РФ президентине караштуу Артыкчылыктуу улуттук долбоорду жана демография саясатын ишке ашыруу боюнча кеңештин президиумунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы (2005–08). Санкт-Петербург мамлекеттик, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия, Баку, «Коре» (Корея) университеттеринин ардактуу доктору. 2007-жылы анын жетекчилиги менен Россияда мектептерди (59 миң) интернетке кошуу долбоору аяктаган. 2008-жылы күзүндө дүйнөнү финансы кризиси каптаган шартта Д. А. Медведев экономиканы модернизациялоо (Москвада эл аралык финансы борборун ачуу, жеке ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялоо шартын жеңилдетүү, ипотекалык кредитке байланыштуу, камсыздандыруунун учурга ылайык моделин өнүктүрүү, менчик укугун коргоо боюнча майнаптуу соттук коргоо чараларын ишке ашыруу, аскердик, социалдык ж. б. реформалар) демилгеси менен чыгып, өлкөнү дүйнөлүк финансылык кризистин апаатынан сактап калган. «Фемида» эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2007). «Жарандык укук» үч томдугунун автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]