Донец токол тоосу

Википедия дан
Украина жана Донец токол тоосу.
Донец токол тоосу.

Донец токол тоосу – Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө. Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышты карай 370 кмге созулат. Бийиктиги 367 мге чейин (Бейит-Мечит чокусу). Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, аки таш жана сланец тектеринен турат. Алар менен көмүр кени (Дон көмүр бассейни) байланыштуу. Дарыя аралык күдүрлүү түздүктөр жана терең (150 мге чейин) дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Калдык дөбөлөр – «бейиттер», жалчалар кездешет. Карст кубулушу өөрчүгөн. Жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек) токой жана талаа өсүмдүктөрү өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1