Достор

Википедия дан

"Достор" (англ. Friends; Д*О*С*Т*О*Р деп берилет) - америкалык комедиялуу телесериал. Сериал 1994-жылы, 22-сентябрдан баштап 2004-жылы, 6-майга чейин 10 сезон боюнча созулган жана аны Дэвид Крейн менен Марта Кауффман тартышкан. Тасмада Жэннифер Эннистон, Кортни Кокс, Лиза Кудроу, Мэтт ЛеБланк, Меттү Перри жана Дэвид Швиммер тартылышып, анда Манхэттенде жашаган 20-30 жаш арасындагы тургундардын жашоосу баяндалат. Тасмага Брайт менен Кауффман продюсерлик кылышкан жана аны Warner Bros. Television менен биргеликте тартышкан. Ал эми башкы продюсерлер Кевин С.Брайт, Марта Кауффман жана Дэвид Крейн болгон.

Тасманы тартуу иштери Бөрбенк, Калифорниядагы Warner Bros. Studios студиясында өткөн. "Достор" сериалынын он сезону тең эң мыкты 10 телесериалдын катарына кирип, ал эми сегизинчи сезону №1 аталган. Сериалдын 2004-жылы, 6-майдагы акыркы чыгарылышын 52.5 миллиондон ашуун америкалыктар көргөндүгү үчүн, телеберүүнүн тарыхындагы эң көп көрүлгөн акыркы чыгарылыш жана 2000-жылдагы эң көп көрүлгөн сериал деп табылган.

"Достор" сериалы көрсөтүүгө берилгенден бери көптөгөн мактоолорго арзуу менен, эң популярдуу телесериалдардын катарына айланган. Сериал "62 Primetime Emmy Awards" сыйлыгына көрсөтүлүп, сезизинчи сезону үчүн 2002-жылы "Эң мыкты комедиялуу сериал" наамын жеңип алган. TV Guide түзгөн "Эң мыкты телеберүүлөр" тизмесинде "Достор" берүүсү 21 орунда жана ошол эле аталыштагы Empiremagazine түзгөн тизмеде 7-орунда болгон. 1997-жылы сериалдын " Пром видео менен" (англ. The One with the Prom Video) аттуу эпизоду TV Guide тизмесинин "Эң мыкты 100 видео" тизмесинде №100 орунду ээлеген. Ал эми 2013-жылы "Достор" сериалы Америка Жазуучулар Гилдиясынын "Эң мыкты жазылган 101 телесериал" тизмесинде 24-орунду жана TV Guide тизмесинин "Эң мыкты 60 телесериал" катарында 28 орунду ээлеген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]