Драва

Википедия дан
Драва.

ДраваЕвропадагы дарыя, Дунайдын оң куймасы. Узундугу 749 км, алабынын аянты 40,4 миң км2. Негизинен Орто Дунай түздүгү (Словения, Хорватия) аркылуу агат, жогорку агымы Альп тоолорунан (Италия менен Австрияда) башталат. Орточо чыгымы 610 м3/сек. 105 км аралыкка кеме жүрөт, жогорку агымына ГЭС каскады курулган. Боюнда Филлах (Австрия), Марибор (Словения) жана башка шаарлар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1