Дункан, Данкан Айседора

Википедия дан

Дункан, Данкан Айседора (27. 5. 1877, Сан-Франциско – 14. 9. 1927, Ницца) – америкалык бийчи. Модерн бийлери мектебине негиз салгандардын бири. Ал Бетховен, Глюк, Шопен, Чайковский жана башка композиторлордун бийге арналбаган музыкаларын пайдаланган. Балеттик кийимди (пачка, трико) грек туникасы менен алмаштырган; пуанта менен бийлөөдөн баш тарткан, бут кийимсиз бийлеген («жылаңайлактар бийи»). Россияга 1904-ж. келип бийлеген, кийин император театрында (1905–13), МХТда бий мектебин уюштурууга аракеттенген. Германия (1904), Франция (1912), АКШдагы (1915) мектептери аз иштеп жабылып калган. 1921-ж. 7-ноябрда Чоң театрда салтанаттуу кечеде өз тарбиялануучулары менен бийлеп чыккан (кечеге В. И. Ленин катышкан). Дункан репертуарына «Марсельеза», «Интернационал», «Варшавянка» кирген. 1922-ж. С. Есенинге турмушка чыккан (студия ачкан). 1924-ж. СССРден кеткен. Анын студиясын бакма кызы Ирма Дункан жетектеген (студия 1949-ж. чейин иштеген). Дункандын бий өнөрүнүн өнүгүшүнө таасири чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1