Дыйканчылык маданияты

Википедия дан

Дыйканчылык маданияты - жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган атайын иш-чаралар. Мындай иш-чараларга тар мааниде жер иштетүүгө куралдарды пайдалануу, кеңири мааниде- комплекстүү дыйканчылык системалары, жер семирткичтер, сугаруу жана кургатуу иштери кирет. Дыйканчылык маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүгө негизделген чарбанын жана чарбалык ишмердүүлүктүн дүйнөлүк масштабындагы алдыңкы тиби. Өсүмдүктөрдү багууда, өстүрүүдө жер иштетүүнүн, жаңы сортторду табуунун, эгинди карап өстүрүүнүн, түшүм жыйноонун ж.б.у.с. элдик тарыхый тажрыйба топтоштурулган. Дыйканчылык маданияты жаныбарларды колго үйрөтүү жана бакмалаштыруу менен бир мезгилде мындан 10-8 миң жыл мурда мезолит - неолит доорунда тарала баштаган. Н.И.Вавилов маданий өсүмдүктөрдүн пайда болушунун негизги жети географиялык борборун көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]