Дэвис Жон

Википедия дан

Дэвис Жон (1550-ж. – 1605) – англиялык деңиз сүзүүчү. Арктиканы изилдеген. 1580-ж. 1-экспедициясын Арктикага жасап, Атлантика океанынын түндүк-батышында Тынч океанга өтүүчү өткөөлдү табууга аракеттенип, ал далалатын 1585-ж. кайталаган. 1586–87-ж. 2-экспедициясында Арктиканы Гренландиядан батышты карай изилдеп, кысык аркылуу (кийинчерээк анын атынан аталган) өткөн. Баффин кысыгын, Лабрадор жарым аралынын чыгыш жээгин, Гренландиянын батыш жээгин 73° түндүк кеңдикке чейин изилдеген. Фолкленд аралын көргөн алгачкы европалык адам болгон (1592).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1