Дюмон-дюрвиль Жюль Себастьен Сезар

Википедия дан

Дюмон-дюрвиль Жюль Себастьен Сезар (23. 5. 1790, Конде – 8. 5. 1842, Версаль) – француз деңиз сүзүүчү жана океанограф. Эки жолу дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. Ал Тынч океандын түштүк бөлүгүн (1826–29) жана Антарктиданы (1837–40) изилдеп, бул аймактын деңиз картасын түп тамырынан бери өзгөрткөн. 1820-ж. Эгей деңизиндеги Милос аралында сакталган Грекияга тиешелүү скульптураны алууга көмөктөшкөн. Микронезиядан, Полинезиядан, Малайзиядан Францияга 1600гө жакын өсүмдүк, 900дөй тоо тек үлгүсүн алып келген. Ал жыйнаган маалыматтары европалыктардын Океания жана Түштүк-Чыгыш Азия элдери жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1