Елисеев Алексей Станиславович

Википедия дан

Елисеев Алексей Станиславович (13. 7. 1934-ж. туулган, РФ, Калуга облусу, Жиздра шаары) – СССРдин учкуч космонавты, эки жолку Советтик Союзунун Баатыры (1969, январь, октябрь). Техника илимдеринин доктору (1973). 1957-ж. Н. Э. Бауман атындагы МТЖОЖду бүтүрүп, конструктордук бюродо иштеген. 1966-жылдан космонавттар отрядында. 1969-ж. 15–17-январда Б. В. Волынов башкарган «Союз-5» космос кемесинде борт инженери болуп космоско учкан. 1969-ж. 16-январда Е. В. Хрунов менен бирге космос аркылуу В. А. Шаталов. башкарган «Союз-4» космос кемесине өтүп, ошол кеме менен жерге келишкен. Жерди 32 жолу айланып, 47 ста космос мейкиндигинде 1,3 млн км аралыкка учкан. Кеменин сыртына чыгып, ачык космосто 37 мин болгон. 1969-ж. 13–18-октябрда В. А. Шаталов менен бирге «Союз-8» космос кемесинде борт инженери болуп, 2-жолу космоско учкан. Космосто болгон 5 сутканын 1 суткасын «Союз-7», 3 суткасын «Союз-6» жана «Союз-7» кеме­лери менен биргелешип учуп, Жерди 80 жолу айланган. 1971-ж. 23–24-апрелде В. А. Шаталов жана Н. Н. Рукавишников менен бирге «Союз-10» кемесинин борт инженери болуп, космоско 3-жолу учкан. 1971-ж. 24-апрелде «Союз-10» кемеси «Салют» орбиталык станциясына биригишкен. «Станция-кеме» системасынын ашташып учушу 5 с 30 минга созулган. Е. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1