Жалган кычы

Википедия дан
Sinapis arvensis.

Жалган кычы - горчица (лат. Sinapis, L. 1753) – кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир, чанда көп жылдык чөп өсүмдүк. 7–10 түрү белгилүү, негизинен сарепт жалган кычысы эгилет. Сабагынын бийиктиги 25–150 см, бутактуу, түз өсөт. Саадак мөмөлүү, сары күрөң түстө, даамы ачуу. Данында 35–50% май болот. Ал тамак-аш, консерва, парфюмерия өнөр жайында, дары-дармек жасоодо керектелет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жалган кычы негизинен Төмөнкү Волга бою, Казакстан, Түндүк Кавказда эгилет. Ар гектарынан 12–15 ц (кээде 25–27 ц) түшүм жыйналат. Илдеттери: жалган кебер, дат. Зыянкечтери: кайчы гүлдүүлөр бүргөсү менен канталасы, капуста күбөсү, жалган кычы жалбырак жегичи (коңуз) жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1