Жеңиш чокусу

Википедия дан
Жеңиш чокусу.

Жеңиш чокусу - Ала-Тоо кыркасында жайгашкан, тоо чокусу. Кыргыз Республикасынын эң бийик чекити. Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Хан-Теңри чокусунан 16 чакырым аралыкта жайгашып, Тянь-Шань тоо системасынын эң бийик чокусу (бийиктиги 7439 м) болуп эсептелет. СССР дин, 7000 м ден ашкан беш чокусунун арасына кирип, жер шарынын эң түндүк жетимиңдик тоосу болуп эсептелет. Чокуну багынткан кишиге "Ак-Барс" ардактуу намы берилет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоку, Какшаал-Тоо кырка тоосунда жашаган жергиликтүү калкка эбак эле тааныш болгон, аны Хан-Теңри деп аташчу. 1895-жылы белгилүү швед саякатчысы Свен Гедин, европалыктардан биринчи болуп Кытай тараптан чокуну көрүп, бийиктигин 7320 м деп болжолдоп эсептеген. 1938-жылы, Л. Гутман, Е. Иванов жана А. Сидоренко аттуу совет альпинистерине, бороондуу шамал менен 30 градустук суукка туруштук берип, чокуну багындыра алышты. Ага "ВЛКСМ дин 20-жылдыгы" атын берип, бирок бийктигин 6930 м деп белгилешкен. 1943-жылы гана, чоку Хан-Теңриден жарым чакырым бийик экени маалым болуп, чокуга Улуу Ата-Мекендик Согуштун Жеңишине арнап ат коюлган. Жеңиш чокусунун ачылышы жана бийиктигинин такталышы, СССР ге Коммунизм чокусунан кийинки, бийиктиги жагынан 2 чи орунда турган чокуну берип, көпчүлүккө кеңири кызыгуу жараткан.

Жеңиш чокусуна бирнчи болуп, 1956-жылы, түндүк тараптагы Звёздочка мөңгүсүнөн, В.М. Абалаков жетектеген альпинисттик топ чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ...