Жибек Нукеева

Википедия дан
Жибек Нукеева
Туулган датасы

17 -февраль 1995(1995-02-17)

Туулган жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлгөн датасы

16 -июль 2017(2017-07-16) (22 жаш)

Өлгөн жери

Стамбул, Түркия

Жарандыгы

 Кыргызстан

Үй-бүлөсү
Күйөөсү

Бакыт

Баласы

1 баласы бар

Моделдик мүнөздөмөсү
Боюу

1,78 м (5 фут 10 дюйм)

Кошумча маалыматтар

Жибек Нукеева (1995-жылы 27-февралда - 2017-жылы 16-июлда) — " Мисс Кыргызстан-2013" наамына татыган кыргызстандык модель жана сулуулар сынагынын ээси.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нукеева бизнес менеджментинин студенти болгон жана кыргыз жана француз тилдеринде сүйлөгөн [1]Ал Франциянын Гренобль шаарында бир канча ай жашаган. Француз тилин Гренобль шаарында жайгашкан Альянс Франсез мектебинде үйрөнгөн.

2015-жылы Жибек 7 айлык кош бойлуу кезинде анын рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Балага зыяны тийбеши үчүн дарыгерлер эрте төрөтүп алышкан.

2016-жылдын декабрь айынын акыркы жумасында Жибек социалдык тармактагы баракчасына рак оорусуна чалдыкканын жазып, жалпы калың кыргыз журтчулугунан жардам сурап, жаңы төрөлгөн баласы менен көп убакыт бирге болууну тилеп жатканын жазган.

Жибек 2017-жылы 16-июлда сөөктөрдү жана муундарды жабыркатуучу сейрек кездешүүчү рак оорусу - хондросаркома оорусунан көз жумган. Ал Кыргызстандын Бишкек шаарында жашаган, бирок үй-бүлөсү тарабынан Түркияга сапаттуу дарылануу үчүн жиберилген. Жибек дарылануу үчүн GoFundMe компаниясына Чехиянын Прага шаарында операция жасатуу үчүн $ 80,000 керек болгон. Бирок 6 172 доллар чогулткандан кийин, ал рак дененин башка бөлүктөрүнө жайылып кеткендиктен, ал көз жумган. 

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жибек Нукеева жолдошу Бакыт менен бирге 2016-жылдын ноябрь айында төрөлгөн ымыркайга эне болгон

Сулуулар сынагында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан сулуусу-2013[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нукеева "Кыргызстан периси-2013" наамына татыган, Бишкек шаарынын атынан чыккан. [2] 2013-жылы 12-майда, “Кыргызстан периси-2013” сулуулар сынагынын финалдык баскычы Бишкек шаарында өтүп, анда 18 жаштагы Жибек Нукеева жеңүүчү болгон. Иш-чарага 21 бийкеч катышып, алар улуттук, кече, коктейль көйнөктөрү жана сууга түшүүчү кийимдер баскычы боюнча жарышкан. Жыйынтыгында Жибек Нукеева Индонезияда сентябрь айында өтө турган “Дүйнө периси” сынагына катышууга укук алган. Ал эми 2-орунду алган Мээрим Эркинбаева “Miss International”, 3-орунду ээлеген Мариам Есенова “Miss Continental” сынактарына жолдомо алышкан.

Дүйнө сулуусу-2013[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нукеева Индонезиянын Бали аралындагы Нуса Дуа шаарында өткөн "Дүйнө сулуусу-2013" мелдешине катышкан.  28-сентябрда Индонезиянын Бали аралында 130 өлкөнүн сулуулары катышкан “Дүйнө сулуусу-2013” сынагы расмий түрдө жыйынтыкталып. “Дүйнө сулуусу-2013” наамын Филиппиндик Меган Янг алган. 2-орунду Франциялык Марин Лорфелин, 3-орунду Ганалык Наа Шутер алган. Ал эми Кыргызстан мындай Дүйнөлүк деңгээлдеги конкурска экинчи ирет гана катышып. Бул жолу сынакта Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Жибек Нукеева катышкан. Жибек "Мультимедия сулуусу", "Топ модель сулуусу" делген номинацияларда ат салышып, жеңишке жете алган эмес.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]