Жоаккино Россини

Википедия дан

Россини Жоаккино Антонио [италиянча Gioachino Antonio Rossini; 29. 2. 1792, Пезаро – 13. 11. 1868, Париждин жанында Пасси (1887-ж. сөөгү Флоренцияга коюлган)] – италиялык композитор. Кезеги менен Италияда, Парижде жашаган. Италиялык маданиятынын жогорулашын чагылдырган чыгармачылыгы 19-кылымдагы италян операсынын гүлдөшү менен байланыштуу. Анын чыгармаларына обондуулук, күчтүү темперамент, драмалык сюжеттүүлүк мүнөздүү. Реалисттик мазмундагы опера-буффаларды жараткан. Эң мыктысы «Севильялык чач тарач» (1816). Анын «Вильгельм Тель» (1829) операсы чоң опера жанрынын калыптанышында маанилүү роль ойногон. Опералары: «Танкред», «Италия кызы Алжирде» (экөө тең – 1813), «Отелло» (1816), «Золушка», «Сааттуу сагызган» (экөө тең - 1817), «Семирамида» (1823) ж. б. 1836–55-жылдары Флоренцияда жашап, Болонья музыкалык лицейин жетектеген. 1855-ж. кайра Парижге келген. Россини – 40тай опера, фортепьянолук чыгармалардын автору. Анын чыгармалыгы 19-кылымдагы Италия искусствосунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]