Жоржоне

Википедия дан

Жоржоне [өз аты – Барабарелли да Кастельфранко (1476 же 1477–1510)] – италян живописчиси, венеция мектебинин өкүлү, Улуу Кайра жаралуу доорунун искусствосун негиздегендердин жана граждандык станоктук живописти жаратуучулардын бири. 1505-жылга чейинки чыгармаларында (“Бадачылардын сыйынышы”, Вашингтон, Улуттук искусство гал.; “Мадонна Ыйык Франциско жана Либералий менен”, Кастельфранко собору; “Юдифь” ж. б.) өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөр (дүйнөдөгү эмгек адамы ж-дө айтуу, адам күчүн көрсөтүү жана башкалар) көрүнө баштайт. Ж. кийинки чыгармаларында (“Уйкудагы Венера”, Дрезден гал., “Кыштактагы концерт”, Лувр, Париж ж.б.) живописти жаңы ыкмалар менен байыткан. Бул чыгармаларында сүрөтчүнүн эң башкы темасы – жаратылыш менен адамдын ортосундагы гармониялык биримдик таасын көрсөтүлгөн. Ж-нин көркөм табылгаларын замандаштары жылуу кабыл алган, анын чыгармачылык салттарын окуучусу Тициан өз чыгармачылыгында өнүктүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]