Жыныс органы

Википедия дан

Жыныс органдары - организмдин тукумдоо милдетин аткаруучу мүчөлөрү. Аларга жыныс бездери (эркек жана ургаачы жыныс бези), жыныс өткөөлдөрү (урук жана тукум түтүгү), жардамчы түзүлүштөр (ургаачыда секреция чыгаруучу без, эркекте жумуртканын түрдүү челин пайда кылуучу зат) кирет. Айбанаттардын көпчүлүгү айрым жыныстуу, кээ бир түрүнө (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, курттар, молюскалар жана башка) гермафродитизм мүнөздүү. Балырлардын көпчүлүгүнүн жана жөнөкөй козу карындардын аталык жана энелик жыныс органдарынын морфологиялык жактан айырмасы жок. Морфологиялык жактан айырмаланган бир же көп клеткалуу тегерек же баштык формасындагы эркек жыныс органдарында (антеридийлерде) эркек урук клеткасы өсөт. Энелик жыныс органдары орто тегерек, бир клеткалуу болсо (балырлар, козу карындар) оогамиялар, архикарптар (аскомицет козу карындарда); көп клеткалуу, чучуктай жумуру, сүйрү болсо (эңилчектерде, папоротник сымалдарда), архегонийлер деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]