Жэксонвилл

Википедия дан
Жэксонвилл.

Жэксонвилл - АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Флорида жарым аралынын түндүк-чыгышында, Сент-Жонс дарыясы Атлантика океанына куя бериште жайгашкан. Флорида штатында. Калкы 882,1 миң (2007; агломерациясында 1,2 млн). Аянты боюнча(2,3 миң км2; ички 302 км2 акваториясы менен) Америкадагы чоң шаарлардын бири. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Терең деңиз порту (2006-жылы 2,3 млн т жүк ташылган). Крупз терминалы (Багама аралдары жана Ки-Уэст аралы менен байланышат).

18-кылымдын аягында испаниялык Флориданын курамында Кауфорд тургун жайы катары негизделген. 1821-жылы АКШга карап, алгачкы аскер губернатору генерал Э. Жэксондун урматына азыркыдай аталган. 1832-жылдан шаар. Кеме куруу, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, кара металлургия, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, китепкана, музейлер, зоопарк бар. Жыл сайын музыка, 1984-жылдан кино фестивалдары өткөрүлүп, көргөзмө борборунда айыл чарба ярмаркалары (жыл сайын) болуп турат. Аскер-деңиз флотунун жана деңиз авиациянын базасы. Шаарга жакын «Форт Кэролайн» улуттук мемориалы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]