Жүзүмдөр

Википедия дан
Vitis vinifera.

Жүзүмдөр (лат. Vitaceae) — эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүк тукуму. Көбүнчө сөңгөктүү жана жармашып өсүүчү бадал. Негизинен мелүүн жана жылуу зоналарда таралган. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска. Жалбырактары жөнөкөй же татаал, түрдүү формада, сабакта кезектешип же туташ жайгашкан. Гүлү майда, туура түзүлүштүү, 4-5 мүчөлүү, бир же эки жыныстуу, бир же эки үйлүү. Мөмөсү ширелүү же кургак жемиш. Кайчылаш (анемофилия, энтомофилия) же өзүн-өзү чаңдаштырат (клейстогалия да кездешет). Жер жүзүндө 700дөй түрү белгилүү. Жүзүмдөрдүн Cissus уруусунун 350 түрү субтропик жана тропик кеңдигиндеги токойдо, өзөндүү жерде, тоонун күнгөй бетинде өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусунун 15 түрү тараган. Кыргызстанда Жүзүмдөрдүн 3 түрү кезигет. Алардан узун акмат жүзүмү Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Көбү кооздук үчүн жана жашыл тосмо катары өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]