Зеландия

Википедия дан
Зеландия.

Зеландия, Шелланн - (герман тилдеринде See «деңиз», Land аймак, өлкө, тарап) Балтика деңизиндеги эң ири арал. Даниянын аймагында. Аянты 7 миң км2ден ашык. Рельефи дөбө-мореналуу түздүк (бийиктиги 126 мге чейин); көлү көп. Бук жана эмен токою өсөт. Аймагынын көбү айдоо (тоют чөп, буудай, кант кызылча, картөшкө өстүрүлөт); сүт багытындагы уй чарбасы бар. 3еландиянын чыгыш жээгинде жана ага жакын жаткан Амагер аймагында Даниянын борбору Копенгаген шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]