Изолейцин

Википедия дан

Изолейцин (2-амин-3-метилпентан к-тасы, 2-амин-3-метилвалериан к-тасы,

I.) CH3CH2CH(CH3)CH(NH2)COOH, түссүз кристаллдар мол. масс. 131,17 (физ. касиеттерин таблицадан карагыла) Мол-сынын 2- жана 3-абалындагы көмүртек атомдору асимметриялык “С” атому болгондуктан 4 оптикалык активдүү изомерлери бар. L-алло-И. даамы таттуу зат.

И-дин изомерлеринин касиеттери.

* концентрациясы: 100 г/м. И. сууда, ысык уксус к-тасында жана щелочтуу эритмелеринде эрийт, этанолдо начар эрийт, диэтил эфиринде эрибейт. 25 0С L-трео-И. үчүн (жартылыш амин к-тасы) рК 2,32 (СООН) жана 9,76 (NH2) рI 6,02; И. - алифаттык a-амин к-та. L-трео-И. адам жана жаныбарлар тамак-ашынын керектүү компоненти (алмашылбаган амин к-та). Бардык организмде белок жана пептиддер курамында кездешет. D-трео-И. калдыгы бацитрацин антибиотигинин, D-алло-И. көмүртек актиномицинин курамына кирет L-трео-И. биосинтези треонинден алынган 2-оксомай жана шарап к-таларынан түзүлөт; организмде 2-метилацетоуксус к-тасына чейин ажырайт. L-трео-И. синтездөө менен 2-бром-3-метилпентан к-тасын аминдештирип алса болот. L-трео-И. жаратылыш жана биологиялык активдүү пептиддерди синтездөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]