Илья Михайлович Франк

Википедия дан
Илья Франк.

Илья Михайлович Франк (1908-1990) - совет физиги, СССР Илимдер академиясынын академиги. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1958). Эки Сталин сыйлыгынын (1946, 1953) жана СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1930-жылы Москва мамлекеттик университетинин физико-математика факультетин бүтүргөндөн кийин Ленинграддагы Мамлекеттик оптика институтунда (орус.кыск. ГОИ) А. Н. Терениндин жанында иштеген. 1934-жылдан тарта Илимдер академиясынын П. Н. Лебедев атындагы Физика Институтунда (орус.кыск. ФИАН) иштеген. 1944-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (орус.кыск. МГУ) профессору болгон. 1946-жылы СССР ИАна мүчө-корреспондент, 1968-жылы академик болуп шайланган.

1934-жылы С. И. Вавиловдун аспиранты П. А. Черенков заряддуу бөлүкчөлөрдүн суунун ичинен жогорку ылдамдыкта өтүп, жарык чыгарганын аныктаган. И. М. Франк менен И. Е. Тамм бул эффектти теориялык жактан сүрөттөшкөн. Бул эффект бөлүкчөлөрдүн чөйрөдөгү жарыктын таралышынын фазалык ылдамдыгынан ашкан ылдамдыктагы кыймыл-аракетинин жыйынтыгында жүзөгө ашкан. Бул ачылыш жогорку энергетикалуу өзөктүк бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын өлчөп, аныктоонун жаңы ыкмасын түзүүгө жол ачкан. Бул ыкма азыркы эксперименталдык өзөктүк физикада чоң мааниге ээ.

И.М. Франк 1990-жылы 22-июнда көз жумган. Сөөгү Москвадагы Введенский көрүстөнүнө коюлган.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика боюнча "Нобель" сыйлыгы (1958) - Вавилов-Черенков эффектин тапканы жана ал жөнүндө түшүнүк бергени үчүн" (П.А. Черенков жана И.Е. Тамм менен бирге)
  • Биринчи даражадагы Сталин сыйлыгы (1946) - заттын ичинде жарык үстөктүү ылдамдык менен кыймылдаган электрондордун нурлануусун ачып, изилдегени үчүн (Жыйынтыктары жалпыланып, "П.Н. Лебедев атындагы ИАФИнин Эмгектеринде" (орус. Труды ФИАН имени П. Н. Лебедева) жарык көргөн).
  • Сталин сыйлыгы (1953)
  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1971) - "ИБР изилдөөчү реактору жана инженердүү ИБР реактору" аталышындагы эмгектер цикли үчүн
  • С.И. Вавилов атындагы алтын төш белги
  • үч Ленин ордени (1952, 1953, 1975)
  • Октябрь Революциясы ордени (1978)
  • эки Эмгек Кызыл Туу ордени (1968, 1948)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]