Инквизиция

Википедия дан

Инквизиция (лат. inquisitio тергөө, издөө) – католик чиркөөсүнө каршы динчилдердин ишин кароочу 13-19-кылымдагы атайын чиркөө соту. Алар жамы журтту боштондукка чыгарууга аракеттенип, чиркөөгө каршы күрөшкөн атактуу адамдарды, ойчулдарды, илимпоздорду, жазуучуларды, дарыгерлерди (Ж. Бруно, Ж. Ванини) «ересь» деп күнөөлөшкөн. Инквизиция айрыкча Испанияда аябай өкүм сүргөн. Инквизитор Торквемада (15-к.) 18 жылдын ичинде 10220 кишини тирүүлөй өрттөгөн. Анын кыянатчылыгынан 114 миң үй-бүлө жабыр тарткан. Инквизиция кесилгендин мал-мүлкүн чиркөөгө өткөрүп берип, аны байытуунун булагына айланган. 19-кылымдан Инквизициянын милдети конгрегацияга өтө баштайт. 1965-ж. биротоло диний конгрегацияга айланат да, төңкөрүшчүл күчкө каршы күрөшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]