Институт

Википедия дан

Институт (лат. institutum – аныктоо, орнотуу, мекеме) – адистештирилген окуу жайлардын (орто, жогорку, квалификацияны жогорулатуу тармагы ж. б.), ошондой эле илимий-изилдөө мекемелеринин аталышы. И. КР мыйзамдары боюнча – жогорку окуу жайы же университеттин, академиянын түзүмдүк бөлүмү, ал: а) жогорку билим берүүнүн билим берүү программаларын, жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү программаларын ишке ашырат; б) адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатууну, кесиптик ишмердиктин белгилүү тармагы үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт; в) адистерди даярдоонун багыттары боюнча фундаменталдык дагы, колдонмо дагы мүнөздөгү илимий изилдөө иштерин аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]