Инчхон

Википедия дан
Инчхон.
Инчхон (2015).

Инчхон, Чемульпо – Корей Республикасындагы шаар. 1981-жылдан борборго баш иет. Статусу б-ч провинцияга теңдеш. Корей жарым аралдарынын батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,5 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Сеул менен Пусандан кийинки 3-шаар. Түштүк Кореядагы маанилүү жол тоому. Сеулдун деңиз аванпорту. Өлкөдөгү Пусандан кийинки 2-порт (2003-ж. 131,0 млн т жүк ташылган), автомобилдер (жылына 300 миңден ашык) экспорттолот. Деңиз парому аркылуу кытай, корей порттору жана жакын жайгашкан аралдар менен байланышат. Өлкөнүн эң ири эл аралык аэропорту. Метрополитен иштейт. Инчхон 5-кылымдан Мичухол деген ат менен белгилүү. 1413жылдан азыркы атында. 1904-ж. Инчхон гаванында орус крейсери «Варяг» жана «Кореец» канонера кайыгы менен япон эскадрасынын ортосунда салгылашуу болгон. Неоготика стилиндеги Дап-Дон католик чиркөөсү (1894-97), Ыйык Павел православие храмы, эстеликтер, кытай кварталы (Чайна-таун, 19-к.), аскер чептеринин калдыктары (13жана 17-кылымдын ортосу) жана башкалар сакталган. Университеттер, музейлер [андан ичкери шаар (4 миңден ашык искусство буюмдары), карапа жана башкалар] бар. Машина куруу (андан ичкери кеме), кара металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, электр-техникалык, электроника, текстиль, жыгаччылык, тамак-аш (балык беленделет) өнөр жай, такта айнек жана карапа өндүрүшү иштейт. Эл аралык соода жана туризм өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]