Иондоштуруучу нурлануу

Википедия дан

Иондоштуруучу нурлануу — чөйрө менен өз ара аракеттешүүдө чөйрөнүн атому менен молекуласын иондоочу бөлүкчөнүн жана электр-магниттик кванттардын агымы. Рентген жана ү-нурлануусу, а-бөлүкчөлөрдүн агымы, электрон, позитрон, протон, нейтрондор иондоштуруучу нурланууга кирет. Заряддалган бөлүкчө чөйрөнү анын атому жана молекуласы менен кагылышып иондоштурат. Бөлүнгөн электрон жетишерлик энергияга ээ болсо, ал да чөйрөнү иондоштурат. Тез нейтрондор учурундагы иондоштуруу, кайтарылып берилген ядролор же нейтрондордун чөйрө менен өз ара аракеттешүүсүндө пайда болгон башка бөлүкчөлөр менен шартталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]