Ислам Иран Революциясы

Википедия дан

Ислам Иран Революциясы (1979) – Ирандагы мамлекеттик түзүлүштү жана иран коомчулугунун жашоо шартын өзгөрткөн революция. 20-кылымдын 60–70-жылдарында Иранда Мохаммед Реза Пехлеви шахтын жүргүзгөн реформалары мамлекеттин кризистик абалын өзгөртпөгөндүктөн, 9-январда 1978-ж. Кум шаарында диний окуу жайларынын окуучулары демонстрацияга чыгышкан. Шах аскери аларды атып, революциянын башталышына түрткү берген. Өлкө аймактарында көтөрүлүштөр күч алган. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүн майда соодагерлер, жумушчулар, ишкерлер, студенттер түзүп, дин кызматкерлери жетектеген. Оппозициянын талабы боюнча М. Р. Пехлеви бир нече өзгөртүүлөрдү (оюн-зоок үйлөрү жабылып, иран календары мусулман календарына алмаштырылган) киргизген. Бирок 1978-ж. сентябрь айында Тегеран (1 млнго жакын) ж. б. шаарларда өкмөткө каршы жумушчулар, кызматкерлер жана студенттер чоң демонстрацияларды өткөрүшкөн. Бийлик буга жооп катары 12 шаарга согуш абалын киргизген. Бул учурда Иранда оппозициянын чет мамлекетте сүргүндө жүргөн лидерлеринин бири Р. М. Хомейнинин таасири күч ала баштаган. Бирок 1978-ж. күзүндө оппозициянын ичинде аскердик төңкөрүштөн корккон М. Р. Пехлеви шах менен келишүүгө ыктаган топ (К. Санжаби, Ш. Бахтияр, М. Базарган, аятолла К. Шариатмадари) түзүлгөн. 1978-ж. декабрь айынын аягында Ш. Бахтияр М. Р. Пехлеви сунуштаган өкмөттү жетектөөгө макулдук берген. Р. М. Хомейни Ш. Бахтиярдын өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыялап, элди революцияны улантууга чакырган. Тегеранда Р. М. Хомейнинин жактоочулары Революциялык ислам кеңешин түзүшкөн (12-январь, 1979). М. Базарган жетектеген Революциялык ислам кеңеши Убактылуу революциялык өкмөт түзгөн. Революция күндөн-күнгө күч алып, Ш. Бахтиярдын өкмөтү кулай баштаган. 1979-ж. 1-февралда Р. М. Хомейни чет мамлекеттен Тегеранга кайтып келген. Р. М. Хомейнинин тапшыруусу боюнча М. Базарган мамлекеттеги кош бийликти тынчтык жол менен жоюуга аракеттенип, жогорку аскер командачылыгы жана Ш. Бахтиярдын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1979-ж. 9-февралда шах гвардиясынын бөлүмүнүн өздүк курамы революцияга катышкан ААКтын окуу базасына Тегерандын жанында кол салган. Натыйжада, Тегеранда куралдуу көтөрүлүш чыгып, шахтын аскери оппозиция тарабында болгон можахеддер менен федайлардын отряддарынан жеңилген. 11 февралда шах бийлигинин акыркы таянычы Ирандын жогорку аскер кеңеши армиянын бейтараптыгын жарыялап, революциячыларга кошулган. Тегерандагы көтөрүлүш стихиялуу өтүп, монархия жоюлган. 1979-ж. 30–31-мартта Иранда референдум өтүп, Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. 1979-ж. Убактылуу революциялык өкмөт кетип, бийлик Революциялык ислам кеңешине өткөн. 1979-ж. 2–3-декабрдагы референдумда Ирандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, ал боюнча мамлекет башчысы Ислам революциясынын башкы жетекчиси деп аталган. Р. Х. Хомейни мамлекеттин башчысы болуп, анын алдында Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш түзүлгөн. Ислам кеңешинин чогулушу (межлис) жана аткаруу бийлиги (президент жетектеген өкмөт) түздөн-түз жогорку динаят жетекчилигине баш ийип калган. Шиит багытындагы ислам дини расмий дин катары кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]