Италян тили

Википедия дан

Италян тилиИталия жана Сан-Марино мамлекеттеринин расмий тили. Швейцариянын жана Ватикандын расмий тилдеринин бири. Италян тилинде АКШ, Түштүк Америка мамлекеттеринде (өзгөчө Бразилия, Аргентина), Франция, Сомали, Бельгияда жашаган италян эмигранттары сүйлөшөт. Италян тили роман тил тобуна кирет. Үч диалектиге (Түндүк, борбордук, түштүк) бөлүнөт. Башка роман тилдерине караганда фонетикалык жагынан латынга жакын. Сөздөрү көбүнчө ачык муундан турат. Италян тилинде зат атоочтун сан жана этиштин жак, чак, ыңгай категорияларынын маанилери флексия аркылуу берилет. Жазуусу латын графикасынын негизинде. 14-кылымда Данте бүткүл Италия үчүн жалпы адабий тил идеясын киргизип, 16–17-кылымдарда италян адабий тили нормага салынган.[1][2]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]