Кайыңды

Википедия дан
Кайыңды
Каинды
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Чүй облусу

Мэр

Жумабаев Эрнур Нурадинович

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1916

Мурунку аталышы

Молотовский

Бийиктиктиги

860

Калкы
Калкынын саны

10704 (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996 3137

Почта индекси

724700

Автоунаа коду

08

kainda.kg

КайыңдыЧүй облусунда жайгашкан шаар, Панфилов районунун борбору. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюнда, Бишкек шаарынан 88 км, облустун борбору Токмоктон 148 км, батыш тарапта жайгашкан. Шаардан Чалдыбар-Бишкек-Балыкчы темир жолу өтөт. Шаарда 3 мектеп, 1 музыкалык мектеп, 3 бала бакча, 5 китепкана (1 райондук, 1 мэриянын жана 3 мектептеги), 1 муниципалдык мончо, 2 маданият үйү, райондук борбордук оорукана иштеп, калкты 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тейлейт.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар деңиз деңгээлинен 860 метр бийиктикте турат, жалпы аянты 9,9 чарчы километр. Райондун борборуна чейин 0км, облустун борборуна чейин 100 км, темир жол станциясына чейин 0 км, жакынкы аэропортко чейин 120км.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы 10704 адам (2021). Кайыңды шаарынын  аймагында кыргыздар, орустар, казактар, тажиктер, корейлер, немистер, украйиндер, ѳзбектер жана башка улуттар жашайт.
Шаардын калкынын негизги басымы ѳндүрүштүк мекемелерде, мамлекеттик уюмдарда иштешет жана жеке ишкерлик менен алектенишет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайыңды  деген  аталыш  капчыгайдын жана дарыянын атынан алынган деп айтылып келет, себеби качандыр бир кездерде азыркы Кайыңды шаары жайгашкан жерде  ак кайын ѳскѳн токой болгон экен. Ал токойду ким, качан отургузганы белгисиз, бирок карылардын айтуусуна караганда ошол токой аркылуу капчыгай да, дарыя да Чоң Кайыңды деп аталып алардын негизинде кыштак дагы Кайыңды деген аталышка ээ болгон экен.

1916-жылы темир жол вокзалы жана темир жолчулар үчүн эки казарманын курулушу аяктаган.
1921-жылы жаңыдан отурукташкан кайыңдылыктар үчүн эки кичинекей үй курулган.
1924-жылдын 08 августунда Кайыңдынын темир жолунда биринчи поезд жүргѳн.
1927-1929-жылдары жыгач камсыздоо кампасынын алгачкы кеңсеси  пайда болгон.
1931-жылы жыгач камсыздоо кампасынын кеңсесинин  базасында алгачкылардан болуп «Каинда известь» артели түзүлгѳн. Негиздѳѳчүлѳрү чехославакиялык «Интергельпо» кооперативдик чарбасы болгон.
1934-жылдын сентябрь айында Кайыңды шаар тибиндеги кыштак статусуна ээ болгон.
1958-жылы  лубзаводдун базасында «Киргизкабель» заводу түзүлгѳн.
1963-жылдын апрель айында ѳндүрүштүк кубаттуулугу  суткасына 25 миң центнер болгон кант заводу ишке кирген.
1965-жылдын декабрь айында  ѳндүрүштүк кубаттуулугу  бир сменде 50 тонна эт (тирүү салмагы), 5 тонна колбаса болгон эт комбинаты ишке кирген.
1973-жылы кирпич заводу курулган.
1976-жылы жыгач иштетүүчү жана темир-бетон материал чыгаруучу заводдор курулган.

1977-жылга чейин Калинин районунун курамында болгон. Панфилов району уюшулгандан кийин Панфилов районунун борбору статусун алган.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын  27-сентябрындагы №168 «Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги кыштактарын айыл же шаар категориясына киргизүү жѳнүндѳ» мыйзамынын 19-беренесинин негизинде  шаар статусун алган.

Кайыңды жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын тарыхы:
- 1992-жылга чейин Кайыңды кыштактык совети
- 1993-жылдын 03-сентябрынан 2008-жылдын 17-декабрына чейин Кайыңды айыл ѳкмѳтү
- 2008-жылдын 17-декабрынан 2012-жылдын 27-сентябрына чейин  Кайыңды кыштактык башкармалыгы
- 2013-жылдын 01-мартынан бери Кайыңды шаарынын мэриясы.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайыңды шаарынын ири кѳлѳмдѳгү ѳндүрүштѳрү: «Кайыңды Кант» ачык акционердик кому, «Металл Кен» ачык акционердик кому, «Кайыңды эт комбинаты», ”Кайыңды кабель заводу” ачык акционердик коому жана “Шоола” жоопкерчилиги чектелген ишканасы. 2008-жылдан бүгүнкү күнгѳ чейин Кайыңдынын ѳз алдынча башкаруу органынын бюджетинин эсебинен курулган  тѳмѳнкү социалдык объектилер ишке берилген:
2008-жылы «Балачак» бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоодон кийин ишке берилген.
2009-жылы «Победа»  паркынын айланасы кооз тосмо менен курчалган.
2010-жылы А.И. Радченко атындагы спорткомплекстин имараты капиталдык оңдоодон ѳтүп  ишке берилген.
2011-жылы муниципалдык мончонун имараты капиталдык оңдоодон ѳтүп ишке берилген.
2013-жылы кичи футбол талаасы курулуп ишке берилген.
2015-жылы «Алты Бакан» бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоодон ѳтүп ишке берилген.
2016-жылы мэриянын административдик имараты капиталдык оңдоодон ѳтүп ишке берилди.
2018-жылы «Куш Канат» бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоодон ѳтүп ишке берилген.
2019-жылы «Победа» паркындагы стадион толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап стадион ишке берилди.
2020-жылдын июнь айында Кайыңды шаарынын Ленина көчөсүндөгү участкалык шайлоо комиссиясынын имараты курулуп ишке берилди.