Какшаал тоо тизмеги

Википедия дан
Жеңиш чокусу.

Какшаал тоо тизмеги - Теңир-Тоонун түштүгүндө, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы боюнча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орточо бийиктиги 4500 м. Эң бийик чокулары: Жеңиш (7439 м) жана Аскер топографтары (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Бозкыр деп аталып, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, Көйкап, Майбаш. Ортоңку бөлүгү Караичкетоо, Акзоо, Жангарт, Үччоку, Кайчы тармактарынан турат. Батышы Каракыр, Торугарт жана башкалар тармактардан туруп, Аксай өрөөнүн көздөй жапыздап, кайнозойдун тектерине чөгөт. Какшаалдын түштүк бети тик (50–60°), түндүк бети жантайыңкы (30–40°).

Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар менен тилмеленип, көбүнчө зоокалуу. Негизги ашуулары–Бедел, Көгирим, Бикиртик, Кайчы, Карабел, Акөгүз, Сууктөр (4200 м). Сырт рельефи–айдөш беттер, жантайыңкы тегиздиктер да кезигет (айрыкча борбордук бөлүгүндө). К. т. т. – түштүк Теңир-Тоонун чегинде жайгашып, структурасы боюнча герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон жана түндүкчыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзүлүш. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат жана чополуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит жана сиенит интрузиялары жиреп чыккан, ошондой эле пегматит, аплит, роговик жана скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай рудалары, сейрек кездешүүчү металлдар жана башкалар кендер белгилүү (к. Акшыйрак калай кендүү району, Сарыжаз калай кендүү району). Курулуш материалдары көп; минералд уу арашан сууларда чыгат. Байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган. Мөңгүлөрдүн таралышы жагынан Кантеңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда жана чыгышында жайгашкан.

Жалпы аянты 983 км2 (Комаров мөңгүсү, 29,8 км2). түндүк беттеринде мөңгүнүн учу 3800 м бийиктикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 м бийиктикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 м бийикте; бетеге, каракыяк, аксокто жана башкалар); альп шалбаасы (3100–3500 м; бетеге, Түркстан сулусу, тоо сойгок жана башкалар); субнивалдык суук талаа (3400–3800 м; жер жаздык, хризантема, альфердия жана башкалар); гляциалдык-нивалдык алкагы (3800 мден жогору), өрөөндөргө кургак талаа жана шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]