Камералык музыка

Википедия дан

Камералык музыка — аткаруучулардын чакан тобу чакан жайда аткарууга арналган аспаптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда болгондо (орто кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, 19-кылымдан чоң концерт залында ойноло баштаган. Камералык музыка 16-кылымдын аягына чейин вокалдык жанр, 17-кылымдан аспаптык музыка деп аталган. 16—18-кылымда ал термин граждандык музыканы да туюндурган. Азыркы камералык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квартет жана башка) веналык классикалык мектептин өкүлдөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) Чыгармачылыгында пайда болгон. 18-кылымдын аягында, айрыкча 19-кылымда вокалдык камералык музыкага көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. Камералык музыка кыргыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. Кыргыз академиялык камералык хору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]