Канн

Википедия дан
Канн.

Канн, Канны – Франциядагы шаар. Прованс–Альпы–Күнөстүү Жээк регионунда, Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 108,0 миң (2008). Франциядагы Парижден кийинки 2-туристтик борбор. Жолдор тоому. Порт (соода жана сейил кемелерин кабыл алат). Аэропорту (өлкөдөгү эң ири) бар. Деңиз климаттык курорт (Күнөстүү Жээк курортунун курамына кирет). Алгач 10-кылымдан эскерилет. Курорт катары 9-кылымдын башынан белгилүү. 20-кылымдан туризмдин борбору катары өнүгүүдө. Климаты жер ортолук деңиздик субтропиктик, кышы жумшак, күнөстүү (январдын орточо температурасы 9оC), жайы кургак, жылуу (июлдуку 23оC). Жылдык жаанчачыны 600 мм. Жыттуу эссенция чыгаруу өндүрүшү иштейт. Шаардын эски бөлүгүндө сепилдер (12-кылым), чеп дубалдардын калдыктары (14-кылым), кароол мунарасы, собор, храм сакталган. Музейлер (этнология, деңиз) бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Канда көптөгөн көргөзмөлөр, симпозиумдар, конгресстер жана башка иш-чаралар, жыл сайын үн жазуунун жана музыкалык чыгармалардын эл аралык көргөзмөлөрү жана кинофестивалдар (1946-жылдан) өткөрүлүп турат. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]