Капитель

Википедия дан

Капитель (латынча сapitellum – башы, англисче capital, французча capeteau, нем. kapitell) – 1. ордердик түркүктүн жана анын модификацияларынын (колоннанын) негизги 3 бөлүгүнүн (фуст жана база менен бирдикте) бири. К. вертикалдык таянычтын жогорку чет жагынын жабдылышы катары антаблементтин оордугун өзүнө алат жана анф фустка өткөрүп берет. К-дер классикалык ордердик системалардан (Байыркы Египетте К. лотос, папирус, пальманын топ жалбырагы сыяктуу) бир аз мурунураак пайда болгон. Классикалык эмес К-дердин түрлөрү ар кандай (өгүз, арстандын протомалары менен болгон К-дер, ал эми ахемениддик Иранда орто кылымдык куб, жалбырактуу, сталактиттик К.). Классикалык архитектурада К-дин тиби жана архитектуралык-көркөм мүнөзү анын кайсы ордерге (тоскана, дорий, ионик, коринф, композиттик) таандык экенине көз каранды. К. вертикалы боюнча бир нече бөлүктөргө бөлүнөт: бардык ордерлерде сөзсүз болуучу жогорку бөлүгү-абака; тоскана жана доридалык ордерлерде ага эхин менен моюнчасы кошулат, иониктик ордерде моюнчасы жок болот, бирок абака менен эхиндин ортосунда волюта менен жаздыкча бар, коринфтик ордерде абака абдан бай жасалгаланган коңгуроодо жатат, композиттик ордерде коңгуроо менен абаканын ортосунда волюта менен иониктик эхин жайгашкан. К. жүк көтөрүп турат деген идеянын жөн эле символикасы да боло алат (Пилястранын К-и.). 2. Баш тамгалардын бардыгы көлөмү боюнча кичине тамгалар менен бирдей болгон басма шрифти түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]