Капоэйра

Википедия дан
Mestre Bimba group, 2022

Капоэйра – бразилиялыктардын эрежесиз таймаш өнөрлөрүнүн түрү. Капоэйрада татаал акробатикалык жана алдамчы кыймыл, буйтоо, каршылашын байкатпай чалуу, ага күтүлбөгөн сокку уруу жана башка ыкмалар колдонулат. Капоэйра 1500-жылдардан белгилүү. 1888-жылы Бразилияда кулчулук жоюлгандан кийин Капоэйра улуттук спорт түрүнө айланып, 1937-жылы улуттук спорт конфедерациясынан расмий укукка ээ болгон. Капоэйра боюнча алгачкы мектеп Сальвадор шаарында Капоэйра чебери Бимба (Мануэль дос Рейс Мачадо, 1900–1974) тарабынан негизделген. 1950-жылдан Капоэйра боюнча расмий мелдештер спорт сүйүүчүлөр менен профессионалдар арасында өткөрүлөт. Дүйнөлүк чемпионат Бразилияда өтөт. 1990-жылдардын ортосунан АКШда жана башка өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эрежесиз мушташтарда Грейси кланынын чеберлери (Бразилиялык жиу-жицуну жана валетюдону жайылткандар) жеңишке жетишкенден баштап, Капоэйра дүйнөгө кеңири кулач жайган. Азыр Капоэйра дүйнө боюнча 60тан ашык өлкөдө өөрчүүдө. Кыргызстанда Капоэйрага окшош эрежесиз мушташ түрлөрүнүн бири валетюдо (көчө мушташы) кеңири кулач жайып, атактуу спортчулар (Алмаз Акун жана башка) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]