Кара-Богаз-Гол

Википедия дан
Кара-Богаз-Гол (1995).

Кара-Богаз-Гол (түркчө богаз – алкым, өткөөл, гол – көл) – Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги булуң-лагуна. Түркмөнстандын батыш бөлүгүндө. Каспий деңизи менен узундугу 9 км, тереңдиги 3-4 м болгон кууш (800 мге чейин) Кара-Богаз кысыгы аркылуу туташат.

1930-жылдан Каспий деңизинин деңгээли төмөндөй баштагандыктан, булуң акырындап соолуй баштаган. 1970-жылдардын аягында булуңга куйган суунун көлөмү 5-7 км3ге чейин азайган, деңгээли -32 мге төмөндөгөн (аянты 12 миң км2, суусунун көлөмү 20-22 км3), туздуулугу 300%оден ашып кеткен. 1980-жылы Каспийдин деңгээлин сактоо максатында кысык дамба менен тосулуп, булуңга суу кирбей калган. Натыйжада булуң тайыздап, соолуп, туздуулугу 380%оден ашып, таманындагы мирабилит сапырылып учуп, аймактын экологиясын буза баштаган. 1983-жылдын аягында аянты 0,2 км2ге, көлөмү 0,2 км3ге азайып, тереңдиги 0,1-0,3 мге чейин тайыздаган. 1992-жылы булуңду калыбына келтирүү максатында тосмо толук алынып салынган; 1993-95-жылдары Каспийден келген суунун көлөму 37-52 км3ди түзгөн. 21-кылымдын башталышында суунун деңгээли 27,5 м, аянты 18 миң км2 болду. Булуңдун суусу көп буулангандыктан, анын аянты сезон боюнча кескин өзгөрүп турат. Булуңдун айланасынын бөтөнчө табигый ландшафты жана анын экологиялык абалы акырындап калыбына келүүдө. Кара-Богаз-Голдун туз катмарларынан мирабилит казылып алынат. Булуң жээгиндеги Бекдаш шаарчасы сульфат өндүрүү жана иштеп чыгаруу борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]