Картер

Википедия дан
Картер.

Картер (англ. carter)– машина же механизмдин (кыймылдаткыч, редуктор, насос жана башка) кыймылсыз бөлүгү. Ал негизинен куту түрүндө жасалып, жумушчу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат жана машинаны же механизмди булгануудан сактайт. Мисалы, поршендүү кыймылдаткычтын картерди муунактуу вал, цилиндр жана башка тетиктердин таянычы болуп эсептелет. Картердин төмөнкү бөлүгү майлоочу майдын чогулткучу катары пайдаланылат. Картер чоюндан, ысытылып иштетилген болоттон, жеңил металлдан жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]