Каскад тоолору

Википедия дан
Каскад тоолору.

Каскад тоолоруТүндүк Америка Кордильерасынын батыш тилкеси, АКШнын батышында, бир аз бөлүгү Канадада. Узундугу 1000 кмдей. Негизинен кристаллдык тоо тектерден турат. Кырын өчкөн жана аракеттеги жанар тоо конустары (Рейнир, бийиктиги 4392 м); Шаста 4317 м; Лассен-Пик (3187 м) түзөт. Капталдарын ийне жалбырактуу токой, субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Мөңгүлүү. Улуттук парктар (КрейтерЛейк, Маунт-Рейнир, Лассен-Волканик) бар. Аты андан башталган Колумбия, Фрейзер дарыясында тепкичтүү шаркыратмалардын (каскад) көптүгүнөн ушундай аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]