Квебек

Википедия дан
Квебек (2016).

КвебекКанаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Квебек провинциясынын административдик борбору. Ыйык Лаврентий дарыясынын чатында жайгашкан порт (2006-жылы 23 млн тонна жүк ташылган). Калкы 668,5 миң (2008; шаар айланасы менен 695,8 миң); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 7-шаар. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1535-жылы француз деңиз сүзүүчүсү Ж. Картье чоң кыштак бар экенин байкаган. 1663–1759-жылдары Франция ээлигинин борбору, 1674-жылдан епископтуктун резиденциясы болгон. 1867-жылдан ушундай аталыштагы провинциянын административдик борбору. Архитектура эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё (1644; Түндүк Америкадагы алгачкы оорукана), семинария (1663; учурда музей), классицизм стилиндеги базилика – Жаңы Франциянын башкы католик собору (1647), Ыйык Троица англикан собору (1800–04), Шевалье чарбагы (17–18-кылым) жана башка Эстеликтер тургузулган. Жеңил, тамак-аш, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, кеме куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Лаваль университети, китепканалар, улуттук музей, театр бар. Жыл сайын кино жана театр фестивалдары, карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жылына 6 млн турист келет).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]