Кельвин (К)

Википедия дан
Термометр (°C жана °K).

Кельвин (К) – Эл аралык бирдиктер системасындагы термодинамикалык температуранын бирдиги. Кельвин суунун үчтүк чекитинин термодинамикалык температурасынын 1/273,16 бөлүгүнө барабар. У. Томсондун (лорд Кельвин) ысмынан аталган. 1968-жылга чейин Кельвин градусу (°K) деп аталган. Шкалаларынын өлчөмү боюнча 1 К=1°C.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]