Кемерово

Википедия дан
Кемерово.

Кемерово (1925–32-жылдары Щегловск) – Россиядагы шаар. Кемеров облусунун административдик борбору. Кузнецк Ала-Тоосунун этегинде, Томь дарыясына Искитим дарыясы куя бериште жайгашкан. Калкы 520,0 миң (2008). Жол тоому. Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1918-жылы Щеглов (1720-жылы негизделген) менен Кемеров (1863) кыштагынын кошулушунан пайда болгон. Учурда Кузнецк бассейниндеги маанилүү өнөр жай борбору. Кемеровонун аймагында таш көмүр казылып алынат.

Өнөр жайынын негизги маанилүү тармактары: химиялык («Химпром», «Азот» жана башка), машина куруу (заводдору: химиялык машина куруу, электр-техникалык, электр-кыймылдаткыч, «Кузбассэлектромотор», «Кемерово-химмаш» жана башка), жеңил, тамак-аш, мебель жана курулуш материалдар («Кузбасскровля»), текстиль (жибек, техникалык жана тиричиликке керектүү материалдар, «Ортон» ишканасы), «Сибирь мөмөлөрү» фирмасы (тоңдурулган козу карын, жашылча-жемиш). университеттер (анын ичинде Кузбасс техникалык жана башка), медициналык академия, 3 театр, филармония, цирк, музейлер (анын ичинде край таануу, көркөм сүрөт) бар. «Красная Горка» музей-коругу уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]