Кемирчектүү балыктар

Википедия дан
Кархародон (Carcharodon carcharias).

Кемирчектүү балыктар (Chondrichthyes) – омурткалуу жаныбарлар классы. Скелети кемирчектүү. Дене узундугу 6 смден 20 мге чейин жетет, түрпү менен капталган. 4–7 бакалоор жылчыгы бар, сүзгүч ыйлаакчасы жок. Заара-жыныс жана арткы тешиги курсак сүзгүчтүн түбүндө жайгашкан. Урук чачып көбөйөт, кээси тирүү тууйт. 2 классчага (эбелек бакалоордуулар жана туяк баштуу балыктар) бөлүнөт. Азыр 140тай уруусу жана 630дай түрү деңизде, бир нече түрү тузсуз сууда жашайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]