Керман

Википедия дан
Керман.

КерманИрандын түштүк-чыгышындагы шаар. Керман останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Кухбенан кырка тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1900 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 521,7 миң (2008). Жолдор тоому. Кум – Керман темир жолунун акыркы пункту. Аэропорту бар.

Алгач Геродоттун эмгектеринде эскерилет. 1298-ж. «Марко Поло китебинде» сүрөттөлгөн. 1720-ж. афгандардын убактылуу бийлиги үстөмдүк кылган. 1791–94-жылдары курддар династиясынын акыркы резиденциясы. 1842-ж. кажарлар бийлигине каршы Ага-хан I жетекчилик кылган исмаилиттер көтөрүлүшүнүн борбору болгон. Үч кумпалуу Шах (11–12-кылымдар), Соборлуу (14-кылым) жана Па-Менар (1390) мечиттери, Кожо-Атабек мавзолейи (12-кылым), Гомбеде-Жабалие мунарасы, Ибрагимхан медресеси (1816—17) жана Вакиль базары (19-кылымдын 2-жарымы) сакталган. Университет, музей (этнографиялык ж. б.) бар. Текстиль (жүн кездеме), тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай жана хна өндүрүшү жана Керманга жакын жерде жез иштетүүчү комбинат (Серчешме) иштейт. Салттуу кустардык өндүрүшү жана кол өнөрчүлүк (килем токуу, көркөм карапа ж. б.) өнүккөн. Кермандын айланасынан таш көмүр, темир казылып алынат. Кермандан 35 км түштүктө Нуроддин Ниматолла мавзолейи (19-кылым; Махан шаар айланасында) жана Жебели-Санг кумпалуу мавзолейи (таштан курулган; 1213) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]