Килем

Википедия дан
Кичинекей килем

Килем — түктүү көркөм көчөт салынып, колдо токулган үй ичин жасалгалоочу буюм. Кыргызда негизинен жүл (түк) жана Арабы килем токулат. Килем аркагы өрмөктөй эле кадимки жүндөн жана мурунку эриш жиптердин калдыктарынан ийрилет.

Араби килем түксүз болот. Анын өзүнчө көчөтү салынып, ал жеңил, бир эсептен бышык жана кооз.

Килемге негизинен койдун жазгы кылчык жүнү, эчкинин, топоздун кылтагы, төө жүнү пайдаланылат. Буюмду токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык, жазгыч өңдүү аспаптары бар. Муну 4—5 адам токуйт.

Кыргыздын кызыл калы килемин согууга үлгү даярдоодо муну эске алуу зарыл. Килемдин ортолугу төрт бурчтанып табактанып, туура тушу «үч тиш», ортоңку узуну «ашкана көчөт» өңдөнөт да, татаал көчөттөрдөн «өрөжө» жана «мүшкүл» түшөт. Буга «Нампарды» (нан жабуучу кымкап калкандын элеси), андан ары «теке мүйүз», «ит таман», жана «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымалданган көчөттөрдү ирээти менен берүүгө болот. Лейлек, Баткен, Ноокат тарапта жүн килемди токууда төрт тарабына кыркалекей «саамал» түрүн түшүрүшөт. Муну өзү «өзөк», «эки карын», «эки колдон» турат. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. Эми килемдин негизги көчөтү «кочкорек» берилет. Андан ары карай чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күлкөптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мүйүз», «карагай бутак», «нампер көчөтүн» келтирет. Килем көчөттөрү ич ара татаалдашып отурат. Килемчилер муну жатка жупташтырууга машыккан. Көчөт түйүндөрүн чечүүдө: «эки жагына он чыгарылганы «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп сайылса, «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп сайылса, «кош кайкалак» — деп айтып турушат.

Кыргыз килеминин аянты ар кандай. Килем аркагына кой-эчкинин жүнүн аралаш колдоно берүүгө болот. Демек, тытылган жүн түйдөктөлүп, өрмөктүкүндей килемдин эриши үчүн ийрилип, чыйратылган жип сууга кайнатылып, аны эки казыкка жүгүртө керип, ортосуна жарым кулач жыгачты салып, алиги жипти аны менен күч келтире бурап алат. Ал «чантуу» деп аталат.

Өрмөктүкүндөй эриштин ар бир талынын аралыгы жүгөрүнүн даны баткандай болууга тийиш. Мында өрмөктөй эки аркак өткөзүп, эки курдай байлайт. Бул килемди токуунун башталышы болуп саналат. Килемде да аркак өткөрүүгө өрмөктөгүдөй эндүү «адыргы» колдонулуп, бирде өзүн көздөй, бирде артын карай тартып турат.

Уздар эстетикалык өзүнүн татымын аркалап, ар бир буюмдун мүнөзүнө карай боек сары саптоого умтулушат. Элдик килемчиликте көбүнчө кызыл-көк түс берүү наркка жатат. Кызыл, кочкул кызыл, сөзсүз көк өң менен жымдашып турат. Ошондой эле көк-карага кара-кызылга деле жупташа берет. Килемдин «ала мончогуна» ак, кара, сары өңдөр бири-бирине айкалышат.

Мурун уздар өсүмдүктөрдүн тамыры менен шактарынан атайын боек даярдашкан. Килем аянтына карата базарда анын баасы бычылат.

Килемдин аябай аянттуусун «ордо килем» дейт. Бул өтө эле чоң, кирип отурган бөлмөнүн энинен да ашып түшөт.

Ал эми «калы килем» болсо көбүнчө ысык үйдүн дубалына жана боз үйдүн керегесине тартууга жарашат.

«Төр килем» да аянттуу келип, дайыма жерге гана төшөлүп, өтө бышык болуп, кыйла жылдары урунууга болот.

Уздар көргөндүн көзүн тайгылтып, элдик шаан-шөкөттү айгинелей турган каркыралуу көчтө төөнүн жүгүнө атайын жабууга ылайыктуу килемдерди да токушкан. Мындай анча эле чоң эмес буюмду «төө килем» деп аташат. Көчүп-конууда урунууга чакан «жайлоо килеми» да өтө кооз көрүнөт.

Буюмдун орточосу 3,5—2,5 м. келсе, күзүгү үчүн бир кг. дай эле кебез сарпталат. Килемде жүндүн арбыны анын түгүнө (жүлүнө) чыгымдалат. Буга элүү — алтымыш килодой жүндү ийрип-чыйратат. Ал эми бир килемди бүтүрүү үчүн анын челдөөсүнө, чыйратуусуна, чыңдоосуна, тазалоосуна, ийрүүсүнө жана түктү тегиздеп кыркындысына бир аз жүн таштандыга чыгат.

Кыргыз килеми союздагы жана чет өлкөлөрдөгү ири көргөзмөлөргө жана жайма базарларга дайыма катышып, этнографиялык музейлерге экспонатталууда. Эгер аянтты 5X8 метр килем токутсак, анда буга баары биригип сексен килодой жүн даярдообуз зарыл. Муну чеберлер төмөндөгүдөй бөлүп жумшашат. Килемдин «эришине» эчки жүнүнөн («кылтак») он килодой, анын «аркагына» кой эчкинин жүнүнөн дагы он кг. дай жумшалат. Килемдер геометриялык элестерге жоомарт келет. Төтөн, килемдердин ортосу, чатыраш, же ромб, болбосо сегиз бурчтук түрүндөгү көчөттөргө толот. Килемдерде кызыл түс көк менен беттешип, ак жана карадан «ала мончогу» түшөт. Кызыл килем өзбек, тажик базарларында үстөмдүк кылып турган. Боекторунун ачыктыгы, көчөттөрүнүн бири-бирине шайкеш келгендиги, койдун кылчык аралаш жүнүнөн болгондугу жана аянты көрүүчүлөрдү, алуучуларды, өзүнө тартып, буюмдун баасын жогору көтөргөн.

Килемге кыргыз көчөттөрү так түшүп, бир бүтүм ойду туюндурган. Килемдин четине «тумарча көчөтүн» берип, андан кийин «кайкалак көчөтүн» көчүрүп, анан калган түрлөрүн ич ара ирээттүү келтирип, алардын араларын эндей эле жүл калыбында калтырууга да болот. Мында кара-кызыл өңдөр ич ара жупташат да, кызыл-көк айкалышса, кызыл түс өзүндө оодарып турса, кара-кызыл өңдөрдө кара түс буюмдун жалпы жердигин чечип коет. Эгер кызыл-ак менен беттешсе, кызыл бөтөнчө таасир берет. Көркөм үлгүнүн ортолук көчөттөрүн табакча-табакча өңдөнтүп берүүлөрү уздардын чеберчилик жүздөрүн баамдатып турат. Анда ар бир табакчага «нампар көчөтүн» негиз кылып, алардын араларына «ийрек» түшүрүп отурат. Ал эми анын четтерине табакчанын жарымын келтирүү аркылуу кооздук жаратат.

Айрымдар көркөм көчөттөрдүн четине жашыл өңдү да жүргүзө коет. Бул кызыл менен кара өңдүн араларын ачат. Ал сарыдан да, актан берилет да, «ала мончок» сымалданып түшөт. Андай кара-кызыл түстөн турган килемдердин көркөм көчөттөрү көк менен кызыл өңдү көбүнчө айкалыштырган Баткен, Лейлек аймактарда арбын учурайт. Анда көчөттөрү эң эле майда көрүнөт. Жүл килеминин четине «казан кулак», «чөмүч сабы», «тайлак таман» (анын ичинде тогуз дөбөсү бар), «кыйкач» (бул суу ордуна берилет), «калит (кулпу) көчөтү» ирээти менен түшүп турат да, борбордук көчөттөн (негизги көчөт) «бычак учу», «козу тиш», «шапат» (көөкөр өңдүү) кооздуктар түшөт. Анан табакча көчөттөр башталат, анын ичинде «мандалак баш», «козу тиш», «омуртка оюму» өзүнчө кооздук катары түшүрүлөт.

Жөрмөмө килем — өзүнчө нукура үлгү. Мунун оң-тетири тарабы бирдей көрүнөт. Демек, кажары, терме таарлардан бул айырмаланат да, анын четине «кабырга көчөт» түшүп, ал өзүнчө өрмөк аркылуу согулуп, буюм жээги болуп көрүнөт. «Катар кайкалак көчөтү» берилип, табакчаларынын ичиндеги түрлөр жөрмөмө килемдегиден бөлөкчө көрүнөт. Бул килемдин кооздуктары да башкачараак болот.

Кургак-тазалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакта иштеген жана буюмдардан булгаган Перхлорэтилен чыпкалар аркылуу (булгануунун ири бөлүкчөлөрү кармалышат) дистилляциясына жиберилет.

Биздин кызматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)