Кимактар

Википедия дан

Кимактар – 8–9-кылымдарда Иртыштан Итил (Волга) дарыясынын боюна чейинки аймакты мекендеген түрк уруулары. Кимактар енисейлик кыргыздардын батыш тараптагы кошунасы болушкан. Тарыхый булактарда Кимактардын кыргыздар менен согуштук кагылышуулары болуп тургандыгы баяндалат. Кимактар кыргыз тарыхый байланыштары мусулман авторлорунун «Худуд ал-Аалам» сыяктуу эмгектеринде чагылдырылган. 9-кылымдын орто чени – 10-кылымдын башында Кимактардын мамлекети начарлап, андан бөлүнүп чыккан кыпчак уруулары Сырдарыянын ортоңку агымы тарапка оогон. Кийинчерээк, кыпчактардын бир бөлүгү Итил дарыясынын боюна жана андан да ары батышка журт которо башташкан. Кимактардын калгандары кыргыз, казак, ногой, башкыр жана башка элдердин курамына жуурулушуп кетишкен.



Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.
.