Кирстен Данст

Википедия дан

Кирстен Кэролайн Данст (англ. Kirsten Caroline Dunst, айтылышы: /ˈkɪərstən/; 1982-жылы 30-апрель) – америкалык актриса. Актриса алгачкы ролун "Нү-Йорк окуялары" (англ. New York Stories, 1989) антологиясына кирген Вуди Аллендин "Эдиптин өлүмү" (англ. Oedipus Wrecks ) кыска метраждуу тасмасында аткарган. Он эки жашында Данст "Вампир менен маектешүү" (англ. Interview with the Vampire, 1994) тасмасында Клаудиянын ролун аткарып кеңири атакка жеткен, бул оюну үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясына көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы актриса "Кичинекей аялдар" (англ. Little Women) тасмасында тартылып, кийинки жылы "Жуманжи" (англ. Jumanji) тасмасында ойногон. Актриса "Тез жардам" (англ. ER, 1996–97) телесериалында Чарли Чемингонун ролун аткарып, "Кикинин жеткирүү кызматы" (англ. Kiki's Delivery Service, 1989) мультфильминде англис тилинде (1998) үн коштоп, "Митаамдык" (англ. Wag the Dog, 1997), "Кичинекей аскерлер" (англ. Small Soldiers, 1998), "Жаш кыздын өзүн өзү өлтүрүүсү" (англ. The Virgin Suicides, 1999) сыяктуу тасмаларда тартылган соң, Данст романтикалык күлкүлүү окуялуу жана драма жанрындагы тасмаларда тартылып баштаган, аларга "Өлтүрө туруучу сулуулук" (англ. Drop Dead Gorgeous, 1999), "Жаштык жалыны" (англ. Bring It On, 2000), "Баштан өткөрүү" (англ. Get Over It, 2001) жана "Алаңзар/сулуу" (англ. Crazy/Beautiful, 2001) тасмалары кирет.

Данст Сэм Рэйминин "Жөргөмүш адам" (англ. Spider-Man, 2002–07) үчилтигинде Мэри Жейн Уотсондун ролун аткарып атактуулукка жеткен. Ошондон бери актриса "Уимблдон" (англ. Wimbledon, 2004), "Тунук акыл-эстин түбөлүк жаркырагы" (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, 2004) жана "Элизабеттаун" (англ. Elizabethtown, 2005) сыяктуу тасмаларда тартылган. Актриса София Копполонун "Мария Антуанетта" (англ. Marie Antoinette, 2006) өмүр баяндык тасмасында башкы ролду аткарган жана "Достордон ажыроо жана адамдардан алыстоо жолдору" (англ. How to Lose Friends & Alienate People, 2008) тасмасында тартылган. Актриса Канн кинофестивалында "Эң мыкты актриса" сыйлыгына татыган жана Ларс фон Триердин "Кайгы" (англ. Melancholia, 2011) тасмасында аткарган ролу үчүн "Сатурн" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. 2015-жылы Данст "Фарго" телесериалынын (англ. Fargo) экинчи сезонунда эки кылмыштуу үй-бүлөнүн ортосундагы согушта калган чач тарачта иштеген Пегги Блумквисттин ролун аткарган. Бул роль актрисага дүйнөлүк белгилүүлүктү жана киносынчылардын жогорку баасын алып келген, ошентип Данст Critics' Choice Television Award сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын утуп, "Алтын глобус сыйлыгынын" "Эң мыкты актриса" номинациясынын жана прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Чектелген сериал же тасмада тартылган эң көрүнүктүү башкы актриса" номинациясынын талапкери болгон.

2001-жылы Данст "Баштан өткөрүү" тасмада өзүн ырчы катары көрсөтүп эки ыр аткарган. Ошондой эле Данст "Мышык мыёолосу" (англ. The Cat's Meow, 2001) тасманын титрлеринде жазз жанрындагы "After You've Gone" (кырг. Сен кеткен соң) ырды аткарган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]