Комбайн

Википедия дан
Комбайн
Комбайндын дрон видеосу 2022

Комбайн (англисче combine, сөзмө сөз – бириктирүү, туташтыруу) – бир эле мезгилде ар кандай операцияларды аткаруучу татаал агрегат. Комбайндын төмөнкүдөй түрлөрү бар: дан Комбайны, жүгөрү Комбайны, силос Комбайны, кен казуучу тоо-кен комбайны ж. б. Дан Комбайны – дан эгиндерин чаап, бастырып, саман, топонун чөмөлөп кетүүчү машина. Комбайнды атайын кошумча шайман менен жабдып, чанактуу, техникалык ж. б. өсүмдүктөрдү чаап, бастырууга болот. Комбайндын чиркелме, асма жана өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Чиркелме Комбайндын иштөөчү тетиктери Комбайнга орнотулган кыймылдаткычтын же трактордун кубат берүүчү валынын жардамы менен иштейт. Өзү жүрүүчү Комбайн өз кыймылдаткычы менен иштейт. Асма Комбайн өзү жүрүүчү шассиге орнотулат. Комбайн жантайма камералуу хедер, дан чапкыч, бастыргыч, тазалагыч, кызылдагыч, транспортёр, бункер, чөмөлөгүч, жүрүү системасы (жетелөөчү алдынкы дөңгөлөк жана арткы башкаруучу дөңгөлөк), кыймылдаткыч кабина, электр жана гидрожабдуулар, башкаруу жана сигнал берүү тетиктеринен турат. Алгачкы Комбайн АКШда 19-кылымдын аягында жасалган. Ал жыгачтан жасалган, эпсиз, оор болуп, 20–30 ат чегилген. Комбайн 20-кылымдын башында өркүндөтүлүп, жыгач – металл менен, ат – локомобиль, трактор мн алмаштырылып, кыймылдаткыч орнотулган. СССРде С-6, өзү жүрүүчү С4 Комбайны СК-4, СКД-5, «Сибиряк», СК-5, «Нива», СК -6, «Колос», «Дон-1200», «Дон-1500» ж. б. Комбайндар чыгарылган. Бул Комбайндардын базасында чанактуу дан өсүмдүктөрүн жыйноочу жалпак тамандуу СКП-4, шалы оруп-жыюучу СКП-6Р, СКД-5Р, СК-5Р, ошондой эле НК-4 ж. б. асма Комбайн жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]