Комендант

Википедия дан

Комендант (французча commandant – командир, башчы) – 1) ар түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү жооптуу кызмат адамы (офицер же генерал). 16-кылымдан чеп гарнизонунун начальниги Комендант деп аталган. Россияга Комендант кызматын (облустун башкаруучусу Комендант, провинцияныкы обер-Комендант) 18-кылымдын башында Пётр I киргизген. 1715-жылдан гарнизондун начальниги, кээде (обер-Комендант) вице-губернатор кызматын аткарган. Кийинчерээк шаардык Комендант пайда болуп, коомдук жайларда, көчөдө аскер кызматкерлеринин аскер тартибин сакташын камсыз кылып, гарнизондогу кароол жана күзөт кызматын уюштуруп, анын туура аткарылышына жооп берген; 2) бир мекемеге же окуу жайына тиешелүү үйдүн (жатакана) чарба башкаруучусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]