Комменсализм

Википедия дан
Бул майда балыктар - комменсалдар

Комменсализм - табигаттагы белгилүү бир түрдүн организминин башка бир түрдүн эсебинен, аларга зыян келтирбей жашоосу (азыктануу же чөйрө катары пайдалануу). Мисалы, Африка чөөсү арстандан калган тарп менен азыктанат. Кыргызстанда жору карышкыр же илбирстин жеминин калдыгы менен азыктанат.

Комменсалдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Комменсалдар (лат. commensalis - тамакташ). Жаратылышта организмдердин ар түрдүү азыктанышат, алдуу күчтүүлөрү өзүлөрү азыктарын табышып эркинче азыктанат, кайсы бирөөлөрү өзүнчө азык таап кармап жегенге жөндөмсүз болгондуктан, башка организмге жармашып, күчтүү жаныбардан калган калдыктарды жеп жашайт. Мындай организмдерди азыкташтар же коменсалдар деп аталат. Мындай жол менен азыктануучулар эч убакта бири-бирине жамандык кылбайт.
Коменсалдар сууда, кургак жана башка түрдүү чөйрөдө жолугат, мисалы, карышкырдан калган азык менен чөөлөр азыктанат, кээ бир учурда бүркүт, шумкарлардан калган азыктын калдыктары менен айры куйруктар, туйгундар азыктанат.
Коменсалдардын ичинен кичинекей жабышкак (прилипала) деген балыктын тиричилиги кызык. Бул балыктын төбөсүндө жалпак нерсеси бар, ал упчу сымал соргучтар менен капталган. Жабышкак балыктар өзүнүн соргучунун жардамы менен башка ири жаныбарга (акула, деңиз таш бакасы, киттер ж.б.) жабышып алып, алар каякка барса кошо жүрүп, калган калдыктар менен азыктанышат.
Кээ бир жаныбар жалаң гана азыктануу менен чектелбестен, алар ээсине түздөн-түз симбиоздук жардам кылат. Организмдердин мындай мамилеси эки жакка бирдей пайдалуу болуп, мутуалистик мамиле (лат. mutuus-эки жакка бирдей, эки жакка тең) деп аталат. Кандайдыр эки түрдүн популяциялары бири-биринин тиричилигине кам көрөт. Мындай популяциялар бири-бирисиз жашай албайт, ошондуктан булар бири-биринин жашоосуна көмөктөш болот.

Симбиоз жана мутуализм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Симбиоз жана мутуализм омурткасыз жаныбарга караганда омурткалууларда көп кездешет. Ошондай болсо да омурткалуу жаныбардын ичинде симбиоздук мамиледеги түрлөр бар. Мисалы, скумбрия түркүмүндөгү "балык-баштагычтар" деген балыктын өзгөчөлүгү, коркпой-үркпөй жырткыч акулаларды жана башка ири жырткыч балыктарды баштап, ээрчитип жүрөт. "Балык-баштагыч" акулага караганда сезгич, көрөөнөк, ошондуктан жей турган азыгын тез көрүп, акулага көрсөтөт же болбосо кемелерден ташталган нерселерди өзү барып көрүп анан акуланы ээрчитип барат . Ошондуктан акула өзүнүн ажырагыс "досун" өтө урматтайт. Анткени "балык-баштагыч" өзүн аябай акулага жайылган торго акула менен кошо түшүп, чогуу өлөт.
Симбиоз ар түрдүү организмдер тобунда болот, мисалы, жаныбардын, козу карындын, балырдын топтолушунда. Булардын назик кылдаттык менен кошулуусу, бирин-биринин коюн-колтугуна кирүүсү жана жашоого ыңгайланышуусу. Организмдин симбиоздук тиричилиги, өзгөчө физиологиялык катнаштары эң татаал нерсе. Мис., эңгилчектин пайда болушун алалы. Жаратылышта эңгилчектин аскада, жер кыртышында, дарак сөңгөгүнүн сыртында көк төшөк менен капталган сымал жайылып турганын көрүүгө болот. Муну ботаниктер кайсы чөпкө киргизерин билишпей көпкө алек болушкан. Эңилчектин өзгөчөлүгүн 1867-ж. Швенденер изилдеп ачылган. Эңилчекти микроскоп аркылуу караганда, балыр менен козу карындын биригип, бири-бири менен чырмалышынын натыйжасында пайда болгон, жашыл балырдын клеткасынан жаралган, ал ичке өңсүз жипче сымал козу карын менен курчалганы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
  2. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4