Кочкор (айыл)

Кочкор, Кочкор району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Кочкор
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Кочкор району
Айыл округ Кочкор айыл округу
Координаттар 42°12′47″ с. ш. 75°45′14″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 9 764[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Кочкор (айыл) (Кыргызстан)

КочкорКыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районундагы айыл. Райондун жана Кочкор айыл аймагынын административдик борбору.

Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Калкы 9,9 миң (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-кылымдын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагерлери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйкандары көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. Үркүндө орустарды жергиликтүү кыргыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]