Кривощёков Алексей Александрович

Википедия дан

Кривощёков Алексей Александрович (19. 3. 1907, Орусия империясы, Новониколаевск (азыркы Новосибирск) шаары – 19. 2. 1945, Венгрия, Будапешт) – Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры (1943). Калуга курулуш техникумун (1929), Новосибирск курулуш институтун (1932) бүткөн. Согушка чейин Кемин районундагы Ак-Түз кенинде иштеп, 1942-ж. августта Советтик Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Талаа фронтунун Красноград механикалаштырылган корпусунун 19-мехникалык бригадасынын инженердик мина ротасында взвод командири. Белгород, Харьков, Полтава шаарын душмандан бошотушкан. Кременчуг шаары аркылуу Днепрден өтүүдө бөтөнчө эрдик көрсөткөн. А. Кривощёковдун взводу 2315 минаны зыянсыздандырган. Будапештте курман болгон. Ленин, Кызыл Туу, 2 жолу Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Кривощёковдун ысмы өзү кызмат өтөгөн бөлүктүн тизмесине түбөлүккө жазылган.

Өмур жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1907-жылы Новосибирск шаарында туулган. Улуту орус. КПССтин мүчөсү. 1936-жылы Ак-Түз кенинин курулушуна келип, ал жерде прораб болуп иштеген. Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылган. Кенже лейтенант. Инженердик-миналык ротанын взводунун командири.

Эрдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Ата Мекендик согушта Степной, 2-Украина фронтунун составында салгылашкан. Орел-Курск алкагындагы салгылашууларга жана Днепрден өтүү учурунда аскердик чеберчиликти жана каармандыкты көрсөткөн.А. А. Кривощеков командалык кылган взвод душмандын 2315 минасын зыянсыздандырып, суу тоскоолдуктары аркылуу ондогон өткөөлдөрдү салган.

Сыйлык – наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдиги жана каармандыгы үчүн эки Жылдыз Орденин, бир Кызыл Туу орденин алган. Днепр аркылуу өткөөл жассоо боюнча күжүрмөн тапшырманы эң мыкты аткаргандыгы үчүн 1943-жылы 20 – декабрда Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыктуу болгон.
1945-жылы 21-февралда салгылашуулардын биринде баатырдык менен курман болгон. Сөөгү венгр жерине коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]